Мамлекеттик мекемелердеги кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө мүмкүн болот
Келе жаткан жылдын апрелинен тарта бардык мамлекеттик мекемелердеги кызматтар үчүн накталай эмес төлөөгө болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.
Документке ылайык, бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер 2023-жылдын 31-январына чейин коммерциялык банктар менен банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, QR-кодду, төлөм терминалдарын же башка инструменттерди колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-аппараттык түзүлүш) орнотуу боюнча келишимдерди түзүшү керек.
Ал эми 2023-жылдын апрелинде келишим боюнча бардык милдеттенмелер аткарылышы керек.