Дүйнөлүк банкта кадрдык өзгөрүүлөр болду

1 июля 2021, 16:30

Дүйнөлүк Банк Борбор Азия боюнча жаңы аймактык директорду дайындады. Бул тууралуу банктын расмий сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, Татьяна Проскурякова Борбор Азия боюнча жаңы аймактык директор болуп дайындалды. Бул кызматта ал 2016-жылдан бери иштеп келген Лилия Бурунчуктун ордуна келди.

Татьяна Проскурякова 80ден ашуун долбоорлордон турган инвестициялык портфелди башкарары белгиленди. Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорлордун жалпы суммасы 10 миллиард долларды түзөт.

"Мен Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия өлкөлөрү менен өнөктөштүгүн тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын", - деди Проскурякова.