Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар алат

17 февраля 2023, 11:29

Жогорку Кеңеш 2022-жылы 5-октябрда Бишкекте кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Электр энергиясын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Бул каражаттын жарымы Кыргызстанга кредит, жарымы грант түрүндө берилет. Насыя 38 жылга, жылдык 0,75% менен алты жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет.

Долбоор үч компоненттен турат: 10 миллион долларга бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана модернизациялоо, 35 миллион долларга бөлүштүрүү тармагын санариптештирүү жана 3 миллион долларга социалдык коопсуздук тармактарын чыңдоо.