Маршруттук таксилердин айдоочуларына 740 миң сом айып пул салынды

4 января 2021, 15:00

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы борбор калаадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун ишине көзөмөл жүргүзүүнү жана жол транспорттук инфраструктурасынын абалын көзөмөлдөөнү улантууда. Мэриянын маалыматына ылайык, втобустардын 95%, троллейбустардын 60% жана кичи автобустардын 60% видео жаздыргычтар менен жабдылган.

Мындан тышкары, 1-июндан баштап адистер санитардык нормалардын сакталышын күн сайын текшерип турушат. Учурда айып пулдардын жалпы суммасы 740 миң сомду түздү.

Ошондой эле, өткөн жылы 13 транспорттук жана төрт жөө жүргүнчүлөр үчүн светофордук объектилер курулуп, анын ичинен үчөө пайдаланууга берилген.

Учурда дагы 2 транспорттук жана 3 жөө жүргүнчүлөр үчун жол чырактын курулушу жүрүп жатат, ошондой эле дагы 14 светофор орнотуу үчүн тендер өткөрүлгөнү маалым болду.