Төрт күндө кичи автобустун айдоочуларына 57 миң сом айып пул салынды

30 ноября 2020, 16:40

Автотранспорт агенттиги жүргүнчүлөрдү ташуунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди бекитилген алгоритмге ылайык жүргүзүүнү улантууда, деп маалымдайт Транспорт министрлигинин расмий сайты.

Ага ылайык, 23-27-ноябрь күндөрү Бишкек, Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарында жүргүнчүлөрдү ташуунун туруктуу автобус каттамдарынын белгиленген иштөө режимине жана санитардык ченемдерге ылайыктуулугун текшерүү жүргүзүлдү.

Жалпысынан, көрсөтүлгөн мөөнөттө автобекеттерде, транспорттук башкаруу пункттарында жана шаардык автобустук каттамдардын акыркы пункттарында 2,4 миң кичи автобус текшерилген. Анын алкагында мыйзам бузуулар боюнча 41 протокол түзүлүп, аларга 57 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Белгилей кетсек, жай мезгилинен бүгүнкү күнгө чейин салынган айып пулдардын жалпы суммасы бир миллион 200 миң сомду түздү.