Коомдук транспорттун айдоочуларына 150 миң сом айып салынды

7 сентября 2023, 14:14

Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын техникалык көзөмөл бөлүмү коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.

Рейддин жүрүшүндө унаалардын жалпы техникалык абалын, санитардык талаптардын сакталышын, ошондой эле айдоочулардын Жол кыймылынын эрежелерин сакташын текшеришүүдө.

Жыйынтыгында техникалык эреже бузган автоунаалардын айдоочуларына жана туура эмес техникалык абалда транспорт каражаттарын таштоого жол берген механиктерге, ошондой эле башка аныкталган жол эрежесин бузууларга 150 миң сомдон ашык айып салынды.