КР айдоочулук күбөлүк төрт күндүн ичинде даяр болот

19 декабря 2019, 15:30

«Унаа»  мамлекеттик ишканасы айдоочулук күбөлүктү төрт күндүн ичинде даярдайт. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Алыжан Козубаев билдирди. 

Анын айтымында, документ дар болгон соң, күбөлүктүн ээсине билдирүү барат. Айдоочулук күбөлүктү МИ «Инфоком» берет. Андан сырткары, бланканы толтуруудагы баанын саны төмөндөдү. 

«Айдоочулук күбөлүктүн бланкы мурун 980 сом турчу, бүгүнкү баасы 100 сом. Эл аралык бланктар мурун 620 сом болсо, бүгүн 52 сом турат. Техпаспорттун бланкы 800 сомдон, 192 сомго азайды», — деп билдирди.