Ош облусундагы суу каналдары 68,3 млн сомго оңдолот

31 января 2024, 18:00

Суу чарба кызматынын Суу чарба курулуш дирекциясы курулуш-монтаждоо иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин жалпы суммасы 68 млн 300 миң сомду түзөт.

Бул акчага Ош районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын Ак-Тектир жана Терек-Талаа каналдарын, ошондой эле ирригациялык системасын реабилитациялоо пландалууда.