Мэрия жолгиренин баасы боюнча маселе күзүндө чечилерин убада кылды

3 июня 2021, 10:20

Жол кирени көтөрүү маселеси ушул жылдын сентябрь айында чечилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ассоциациялардын жана маршруттук таксилерди ташыган компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы транспорттук компаниялардын жетекчилеринин кичи автобустарда жүрүү тарифтерин көтөрүүгө байланыштуу суроосу болду.

Бактыбек Кудайбергенов мындай чечим мыйзамга ылайык кабыл алынышы керек, бааны өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши чечет деп жооп берди. 

Мэрдин милдетин аткаруучу тарифтерди көтөрүү маселесин Бишкек шаардык кеңеши менен 2021-жылдын сентябрь айына чейин иштеп чыгууну убада кылды. Компаниялардын өкүлдөрү мэр менен макул болуп, маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн билдиришти.