КР бизнести турукташтыруу үчүн COVID-19 жана саясий туруксуздук тоскоол болууда

21 октября 2020, 10:10

2020-жылдын сегиз айында Кыргызстандын ИДПсы 5.9% төмөндөгөн. Бирок, негизги металлдарды өндүрүүнүн 39,2% га жана фармацевтикалык продуктуларды өндүрүүнүн 3,3 эсеге өсүшү өлкөнүн экономикалык төмөндөшүнүн масштабын чектеди, деп айтылат ЕБРКнын ай сайын жүргүзгөн анализинде. 

Эл аралык банктын эксперттери коронавирустук учурлардын көбөйүшүнөн жана саясий туруксуздуктан улам Кыргызстандын башка тармактары жай калыбына келе баштагандыгын белгилешет. Учурдагы долбоорлордогу жумуштар токтоп тургандыктан, инвестициялардын көлөмү төмөндөйт.

 

«Экспорт 1,7% га өстү, ал эми алтынды эсепке албаганда чет өлкөгө жеткирүү 21,7% га кыскарды. Импорт негизинен өндүрүлгөн товарлардын жана ар кандай даяр продукциялардын импортунун эсебинен 30,9% га кыскарган. Тышкы сооданын төмөндөө тенденциясы 2020-жылдын аягына чейин сакталат», — деп билдиришти ЕРӨБдөн