ДССУ Кыргызстанга 260 миң долларга гуманитардык жардам жөнөттү

9 февраля 2021, 14:20

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга 260 миң долларга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ДССУнун басма сөз кызматы билдирди. 

 

Жардам Улуу Британия жана БУУнун коронавирус менен күрөшүү өнөктөштүк фондунун жардамы аркылуу көргөзүлгөн. Жүктүн жалпы салмагы 4 тонанны түзөт жана анын ичинде медикаменттер, глюкометрлер жана аппараттар бар. 

Андан сырткары, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет белгилеп кеткендей, Кыргызстан COVID-19 каршы дээрлик 500 миң доза вакцинаны акысыз ала алат.