Чу дарыясына көпүрө куруу боюнча кылмыш иши козголду

26 августа 2022, 11:04

Кочкор районунун прокуратурасы Чу дарыясы аркылуу өткөн Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 1 миң 500 чакырымында жайгашкан көпүрөнүн курулушуна текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин мекеме-ишканаларынын жооптуу адамдары тарабынан жеке курулуш компаниясынын эсебине бюджеттик каражаттар мыйзамсыз которулуп, алар өз кезегинде көпүрөдө тиешелүү курулуш иштерин жүргүзбөгөндүгү аныкталды. Андан мамлекетке 5 млн 728 миң 133 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.