«Альфа Телеком» компаниясынын лицензиясы калыбына келтирилди

4 августа 2023, 12:53

«Альфа Телеком» ЖАКтын (MEGA соода маркасы) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишмердүүлүгүнө лицензияларынын бири узартылды. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматы билдирди. 

Эске салсак, буга чейин жөнгө салуучу орган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишмердүүлүгүнө мурда берилген лицензияны бир айга чейин токтоткон.

Финансылык көзөмөл органынан “Акчабарга” түшүндүрүлгөндөй, лицензияны токтотуу чечими отчеттогу системалуу мыйзам бузууларга байланыштуу.