Бишкек – Раззаков аба каттамдары жанданат

10 мая 2023, 17:20

Ата мекендик “Тез Жет” авиакомпаниясы 16-майдан тарта Бишкек – Раззаков – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Каттамдар жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

Буга чейин каттамдар жумасына бир гана жолу — ишемби күндөрү аткарылчу.