Баткенге каттамдар кайра жанданат

31 января 2023, 09:28

Ушул жылдын 7-февралында Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам жанданат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты.

Ата мекендик “Тез Жет” авиакомпаниясы жумасына бир жолу- шейшемби күндөрү каттайт.

Эске салсак, Баткен аэропорту аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.