Бишкек — Үрүмчү каттамы кайра жанданат

4 июля 2022, 15:16

Ушул жылдын 5-июлунан тарта Үрүмчү-Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттам жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Южнокитайские авиалинии" жумасына бир жолу, шейшемби күндөрү каттамды аткара баштайт. Учуу убактысы эки саатты түзөт.

Эске салсак, авиакаттам 2020-жылы коронавирустук пандемиядан улам токтотулган.