Быйыл 15 ГЭСтин ичинен төртөө гана ишке киргизилди

15 декабря 2023, 11:15

Өкмөт 2023-жылдын аягына чейин 15 ГЭСти ишке киргизүүнү пландаган. Бүгүнкү күндө алардын төртөө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Элдик курултайдын жүрүшүндө белгилүү болду.

Атап айтканда, бул CN Energy компаниясынын ГЭСи, Тостус ГЭСи, Айгыр-Жал жана Ала-Баш ГЭСтери. Эске салсак, акыркысы 4-декабрда Ысык-Көл облусунда ачылган.

Ошентип, калган 11 ГЭСтин ачылышы күтүлүүдө.