Үч күн ичинде баткендиктерге жардамдын эсебине 8,8 млн сомдон ашуун акча которулду

21 мая 2021, 10:20

Ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсебине 8,8 миллион сомдон ашык акча которулган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Учурда атайын эсепте 92 миллион 65 миң сом бар. Ошол эле учурда,Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,2 миллион сомдон ашык акча которулган.