Дүйнөлүк банк: 2021-жылы экономика 4% жогорулайт

9 января 2021, 18:35

2021-жылы Дүйнөлүк экономика 4% жогорулайт, эгерде коронавируска каршы вакцина жыл ичинде ири масштабда таркатылса. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын докладында айтылат.

 

Докладда белгиленгендей, экономиканы калыбына келтирүү жана инвестициянын көлөмүн жакшыртууга реформаны ишке ашыруу, коронавирусту басаңдатуу үчүн саясатчылардын чечкиндүү кадамдар керектелет. 

 

"Ошентсе деле, Дүйнөлүк экономика пандемиядан соң 2020-жылы кайрадан 4.3% жогорулады", - деп жазылат докладда. 

Кошумчалай кетсек, алдын ала берилген прогнозко ылайык, Орусиянын ИДПНЫН 2020-жылы 4% төмөндөгөн жана 2021-жылы 2.6% өсөт. Кытайдын экономикасы күтүлгөндөй  7.9% жогорулайт. Ал эми 2020-жылы пандемиядан соң, 2% жогорулаган.