Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоого жардам берүүгө даяр

27 апреля 2021, 13:15

Экономика жана Финансы министрлигинин жетекчилигинин Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык вице-президенти жана анын командасы менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагын реформалоо тармагында мүмкүн болгон кызматташтык талкууланды.

Дүйнөлүк банктын командасы кыргыз тарапты энергетика тармагындагы, өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртуудагы жана башка бир катар стратегиялык иш-чаралардагы кызматташууга жана жардамга ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешип кызматташуу жөнүндө макулдашышты.