Дүйнөлүк банк Кыргызстанды коронавирустан сактанууга жардам көрсөтөт

3 марта 2020, 09:17

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Дүйнөлүк банктын Орто Азиядагы директору Лилия Бурунчук менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди. 

Жолугушууда түрдүү маселелердин ичинен дүйнө элин кооптонтуп жаткан коронавирус оорусу тууралуу дагы суроолор көтөрүлдү. 

«Дүйнөлүк банк Кыргызстандын коронавирустан сактануу потенциалын колдоого даяр», — деп билдирди Лилия Бурунчук.