Дүйнөлүк банк айыл чарба тармагына 200 млн доллар бөлүүгө даяр

2 апреля 2024, 16:15

Ушул убакка чейин Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 2,7 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөттү.Бул тууралуу Бишкекте өткөн айыл чарба форумунун жүрүшүндө каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Каражаттын 581 миллион доллары айыл чарбасын, ирригацияны жана суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

"Дүйнөлүк банк айыл чарба, суу менен камсыздоо жана ирригация тармагына 200 миллион доллар бөлүүгө даяр", - деди Руслан Татиков.