Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 10 жылга үстөксүз насыя берүүнү жактырды

12 декабря 2022, 12:48

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 10 жылдык мөөнөткө 50 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя берүүнү жактырды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан насыяны 10 жылдан кийин бирдей үлүштөр менен төлөй баштайт.

“Бул каражаттардын ичинен Бишкек шаарынын мэриясы ирригацияга 16 миллион доллар жумшаса, дагы 34 миллиону Кыргызгидрометти жабдууга жумшалат. Бир аз бөлүгү көмүрдүн сапатын текшерүүчү лабораторияны курууга  жумшалат”, - деп билдирди Динара Кутманова.