Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 млн доллар бөлүүнү пландап жатат

31 мая 2021, 16:45

Дүйнөлүк Банк, Кыргызстандагы COVID-19 менен байланышкан өзгөчө кырдаалдарды жоюу долбоорун ишке ашырууга кошумча каржылоо иретинде 0,75% үстөк менен 10 миллион доллар насыя жана 10 миллион доллар грант берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитети COVID-19 боюнча чукул долбоорду каржылоо тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүгүү ассоциациясы ортосундагы макулдашуу катынын долбоорун жактырды.

Кошумча каржылоонун жана долбоорду реструктуризациялоонун негизги максаты COVID-19 вакциналарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Насыянын мөөнөтү 38 жыл, анын ичинде алты жылы жеңилдетилген мөөнөт.