Дүйнөлүк банк Кыргызстанда күн энергиясын өнүктүрүүгө салым кошот

26 октября 2021, 14:59

Энергетикалык тармактагы реформаларды жүргүзүү, энергиянын жаңырып туруучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү, күн энергиясын өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу маселесин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Дүйнөлүк банктын кызматташуусу, өз ара аракеттешүүсү боюнча актуалдуу маселелердин чөйрөсүн талкуулады.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүүгө тийиштүү пикир алмашуу болду.