Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы экономикалык өсүш боюнча божомолун төмөндөттү

4 ноября 2021, 15:10

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун 2,3%га түшүрдү. Бул тууралуу эл аралык каржы уюмунун расмий баяндамасында айтылды.

Дүйнөлүк банк тобунун талдоочулары тарабынан даярдалган Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн экономикасы боюнча күзгү отчетуна ылайык, Кыргызстандын экономикалык өсүш арымынын болжолдонгон баалоосу 2022-жылы 4,7%га чейин өсүү менен 2,3%, ал эми 2023-жылы бир аз төмөндөө - 4,3% болду.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банктын ушул жылдын июнь айында жарыяланган “Дүйнөлүк экономикалык көз караш: Европа жана Борбордук Азия” материалында болжолдоосуна салыштырмалуу ал 3,8%дан 1,5 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

Ошол эле учурда, жаңы болжолдо 2022-жылга көрсөткүч июнь айына караганда оптимисттик, мурда жарыяланган 4,3%га караганда 4,7%, бирок 2023-жылга, тескерисинче, -0,2 пайыздык пунктка начарлаган.