Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы социалдык коргоо системасын чыңдоого 30 млн доллар бөлдү

7 сентября 2022, 12:43

Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши Кыргызстанда “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорун ишке ашырууга 30 миллион доллар бөлүүнү жактырды.

Долбоор экономикалык кризистин жакыр үй чарбаларына жана эмгек мигранттарына тийгизген терс таасирин азайтууда өлкөгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле алардын келечектеги соккуларга даярдыгын жогорулатуу максатында социалдык коргоо программаларынын жана эмгек рыногунун натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.

“Жогорку башкы инфляция жана дүйнөлүк кризистен улам келип чыккан азык-түлүккө болгон баанын дагы жогору көтөрүлүшү Кыргызстандын экономикасы үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Жаңы долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин калктын социалдык аялуу катмарынын финансылык абалын жакшыртуу жана жарандардын иш менен камсыз болушун жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги тапшырмасын ишке ашырууга түздөн-түз, ошондой эле социалдык коргоонун күчтүү системасын курууга көмөктөшөт”, - деп белгиледи Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви.

Долбоорду каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын шарттары боюнча бөлүнөт жана 2022-жылдан 2025-жылга чейин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын жол-жоболоруна жана стандарттарына, анын ичинде тармактагы талаптарга ылайык сатып алуулар, финансылык менеджмент жана коррупцияга каршы күрөшүү ишке ашырылат.