Дүйнөлүк банк COVID-19га вакцина сатып алуу үчүн Кыргызстанга 20 млн доллар бөлөт

12 мая 2021, 10:00

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу үчүн 20 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Бьерде банк коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жоюуда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Анна Бьерде ошондой эле ар кандай тармактардагы бардык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга кызыктар экендигин да кошумчалады. Президент өз кезегинде Дүйнөлүк Банкка көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди жана мындан аркы жигердүү кызматташууга даяр экендигин айтты.