Жакында Бишкек-Батуми-Бишкек чартердик рейси ачылат
"Манас" эл аралык аэропортунан Батумиге (Грузия) жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 17-июлунан баштап, каттам жумасына бир жолу ишемби күндөрү жүргүзүлөт.
Бишкек-Батуми-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейсти ата мекендик "Эйр Манас" авиакомпаниясы аткарары белгиленди.