Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ЕАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгууга тыюу салынды

3 января 2022, 14:38

Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 

Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу  кабарлоо тапшырылды. 

Белгилей кетсек, кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечими документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.