Кытайдын ИДПсы 3,81 трлн долларга жетти

16 апреля 2021, 14:00

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Кытайдын ИДПсы 3,81 триллион долларга (дээрлик 35 триллион юань) жетти. Kapital.kz бул тууралуу Кытайдын Алматыдагы Башкы консулдугуна шилтеме берип жазды.

[жаңылыктар 33573]

Ошентип, КЭРдин айыл чарба тармагы көрсөтүлгөн мезгил ичинде 8,1% га өсүп, 173,5 млрд долларга (1,13 трлн юань), өнөр жай - 24,4% га, 1,1 триллион долларга (9,26 трлн юань), тейлөө тармагы - 15,6% га, 2,22 триллион долларга (14,54 триллион юань) чейин көбөйгөн.

Кытайда керектөө товарларынын чекене соодасы 1,6 триллион долларды (10,52 триллион юань) түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,9% га көп.