Кыргызстандын ИДПсы 3,8% га төмөндөдү

12 мая 2021, 10:20

Ушул жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукт алдын-ала эсептөөлөр боюнча 166,1 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8% га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ушул жылдын январь-апрель айларында ИДПнын көлөмү 148 миллиарддан ашык сомду түзүп, 1,1% га көбөйгөн.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын алгачкы айларында өлкөнүн ИДПсы 71,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9% га төмөндөгөн.