Кыргызстандын ИДПсы 11 айда 626 млрд сомду түздү

13 декабря 2021, 10:06

Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 2,4%га өсүү менен 626 млрд сомду түздү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү болжол менен 569 млрд сом (+4,1%) түзүлдү.

ИДПнын өсүшү негизинен кызмат көрсөтүү секторлору тарабынан камсыз кылынды. Ошол эле учурда былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында чендердин 10%га төмөндөшү байкалса, ушул жылдын январь-ноябрь айларында алар тескерисинче 6,1%га өскөн. Мында өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 1,4%га төмөндөгөн (2020-жылдын январь-ноябрында – 6,1%).

"Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (43,7%) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келген, бул өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,1 пайыздык пунктка аз, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1,6 пайыздык пунктка төмөндөп, 42,6%ды түздү. Өнөр жайдын үлүшү 20,2% түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка, курулуш 6,3 пайызга жана 1,3 пайыздык пунктка аз", - деп билдирди статистика башкармалыгы.

Мында айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 1,4 пайыздык пунктка өсүп, 16,1%ды түздү.