Кыргызстандын ИДПсы 7.4% төмөндөгөн
2020-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукция, алдын ала берилген маалыматка ылайык, 457 млрд сомду түзгөн. Бул 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 7.4% төмөндөгөн, деп билдирет Улуттук статистикалык комитети.
«Кумтөрдөн» сырткары ИДПнын январь-октябрь айларындагы көлөмү дээрлик 402 млрд сомду түзүп, 8.3% төмөндөгөн.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБдеги өлөлөрдүн ИДПсы 809.8 млрд долларга жеткен. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3.2% төмөндөгөн.