ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы бир жылдын ичинде 4,5% өстү

15 сентября 2021, 16:00

2021-жылдын август-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5% га өстү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.

Өсүштүн мыкты динамикасын Армениянын ИДПсы көрсөттү - 5,7%. Андан кийин Орусия (4,8%), Беларусь (3,3%) жана Казакстан (2,3%) турат.

Бир гана Кыргызстанда терс көрсөткүчтөр бар - ИДП отчеттук мезгилде 2,7% га кыскарган.