Түрк тилдүү мамлекеттердин ИДПсы 1.5 трлн.$ жакын болгон

16 октября 2019, 09:52

Түрк тилдүу мамлекеттердин ИДПсынын жалпы көлөмү 1.5 трлн.$  түзөт. Бул тууралуу 15-октябрда түрк тилдүу мамлекеттер кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. 

Өлкө башчынын айтымында, түрк тилдүү мамлекеттер соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын зарыл. 

«Биз бардык экономикалык мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу колдонушубуз керек. Кыргызстан транспорттук коридорду кеңейтүүдө ийгиликтүу иш алып барууда. Андан сырткары, логистика, транспорт, туризм жана инновациялык технологиялар багытындага мамилелерди өркүндөтүүдө», — деп билдрди президент.