Каттоо кызматынын айрым жетекчилери жумуштан убактылуу четтетилди

19 февраля 2020, 09:44

Февраль айынын башынан тарта Кыргызстандын беш шаарында каттоо боюнча өзгөрүүлөр байкалып жатат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Ведомстводон билдиргендей, каттоодогу өзгөрүүлөр жергиликтүү кеңештерди шайлай турчу  аймактарда болууда.  Эң көп айырмачылык - Ош шаарында, каттоого 35.9 миң жаран турган, Токмок шаарына - 6.7 миң жана Караколго - 3.1 миң жаран катталган. 

Каттоо кызматынын жетекчилигинин чечимине ылайык, үч шаардын паспорт жана каттоо бөлүмдөрүнүн башчылары 2020-жылдын 18-фералына чейин убактылуу кызматтарынан четтетилди.