«Кумтөрдөн» бюджетке төлөмдөр былтыркыга салыштырмалуу 5,4 эсе өстү

10 октября 2022, 09:45

Быйыл январь-август айларында “Кумтөр” ишканасы мамлекеттик бюджетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 23 миллиард 913,8 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Анын ичинен сумманын басымдуу бөлүгү же 17 миллиард 57,7 миллион сому Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүнүн жылдык суммасы, калган 6 миллиард 856,06 миллион сому “Кумтөрдүн” дүң кирешесине салык болгон.

Белгилеп кетсек, январь айынан июль айына чейин "Кумтөр" бюджетти 22 миллиард 146,1 миллион сомго толуктаган. Бул сумма августта 1,5 млрд сом минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө төлөмдөрдүн жана 267,7 млн ​​сом дүң кирешеге салыктын эсебинен көбөйдү.

Кошумчаласак, былтыр январь-август айларында мамлекеттик бюджетке “Кумтөрдөн” дүң кирешеге салык катары 4 миллиард 458,4 миллион сом түшкөнүн (дүң салыктын көлөмү 1,5 эсеге көбөйгөн), минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө төлөмдөр болгон эмес.