Жогорку салыктар өлкөнүн металлургия тармагын аксатууда

8 декабря 2022, 11:48

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн металлургиялык ишканаларынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында өлкөнүн металлургиялык комплексинин абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды.

Металлург адистер алар үчүн эң оор жүк салыктар болуп жатканын, бул нерсе тармакты  коркунучка кептерин белгилешти. Анткени ички базарда металлды сатуу төмөн, башка өлкөлөрдөн экспорттолуп келген болот, чоюн жана башка металл буюмдарынан улам атаандашууга мүмкүн эмес.  

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, өнөр жайды өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Бул ири өндүрүш ишканаларынын экономикалык кайтарымдуулугун күчөтүүгө багытталган милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет.