Масалиев «Кумтөр» боюнча комиссияны жетектөөдөн баш тартты

30 ноября 2022, 11:10

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргызстандан 19 тонна алтынды экспорттоо маселесин иликтөө боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектөөдөн баш тартты. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев парламент жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, өткөн жума күнү, 25-ноябрда ага Исхак Масалиевден кат келип, анда ал ден соолугуна байланыштуу бул комиссияны башкара албай турганын жазган.

ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев комиссия бул маселени изилдеп чыга электигин айтты. Ал комиссия мүчөлөрүнө жакынкы аралыкта чогулуп, жаңы жетекчини дайындап, ишке киришүүнү тапшырды.

“Кумтөр Голд Компанинин” айланасындагы кырдаалды жана өлкөдөн 19 тонна алтын чыгарылып кеткендиги тууралуу маалыматты иликтөө үчүн быйыл 28-сентябрда атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Жанар Акаев, Ниллуфар Алимжанова, Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Нурланбек Шакиев, Надира Нарматова, Улугбек Ормонов, Максат Сарбагышев, Марат Мураталиев, Шайлообек Атазов жана Арсланбек Малиев кирген. Комиссияны Исхак Масалиев жетектемек.