Айыл чарба продукциясынын экспорту 35.5 миң тоннага жогорулаган

15 октября 2020, 14:11

Өсүмдүктөрдүн карантини бөлүмү ушул жылдын отчеттук мезгилинде 493,7 миң тонна экспорттук айыл чарба продукциясын текшерүүдөн өткөргөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

COVID-19 коронавирусунун пандемиясына карабастан, департамент жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз экспорттоо үчүн тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары үчүн бардык шарттарды түзүп берген.Экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35, 5  миң тоннага көп болгон.

 

«159,8 миң тонна жашылча, 104,2 миң тонна жемиш, 4,2 миң тонна кургатылган жемиш жана 22 миң тонна жаңгак экспертизадан өткөрүлдү », - деп билдирди министрлик.

2020-жылдын отчеттук мезгилинде айыл чарба продукцияларынын импорту 323 миң тоннаны түзгөн.