Кыргызстанга COVID-19га каршы дары-дармек алып өтүүгө аракет жасалды

26 октября 2021, 18:01

“Манас” бажысынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди алып кирүүнү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар УКМК кызматкерлери менен биргеликте "Аэрофлоттун" рейси менен келген жүктөрдү ташып бараткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анда 2 миң 495 таңгак "АЦЦ" жана 405 таңгак "Клексан", "Эноксапарин натрий" жана инъекция үчүн эритмелер болгон.

Авиажол баракчасында 298 килограмм деп көрсөтүлгөнү менен жүктүн салмагы 400 килограммды түзгөн. 

"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналында катталды", - деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматы.