Кыргызстандан Казакстанга тамекини мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду

30 мая 2023, 14:34

Кыргызстандан Казакстанга тамекини мыйзамсыз алып өтүү аракети көрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ак-Жол” өткөрмө пунктунда К.А.К. аттуу кыргыз жараны Mercedes-Benz Sprinter 416 үлгүсүндөгү унаа менен 2 миң 78 блок тамекини акциздик маркасы жана эч кандай товардык документтери жок Казакстанга алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

"Унааны текшерүү учурунда атайын жабдылган чөнтөкчө табылган, тинтүүдө 35 коробка (ар биринде 50 блоктон) жана 328 блок, жалпы 2078 блок тамеки табылган. Тамекилердин акциздик маркалары болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, тамекилерге акциз салыгын төлөөдөн качуудан мамлекеттик бюджеттин чыгымы 1 млн сомдон ашкан.