Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 2,4 млрд долларга жетти

12 ноября 2021, 15:58

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2 миллиард 4 миллион долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29%га көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Белгилүү болгондой, экспорттук жеткирүүлөр 32,2%га, импорттук түшүүлөр 28,1%га өскөн.

Өз ара сооданын эң чоң көлөмү Орусия (64,3%) менен Казакстанга (33,2%) туура келет.