ЕАЭБ ичиндеги өлкөлөр 33.8 млрд $ соода жүргүзүшкөн

23 октября 2020, 13:30

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин катышуучулары өз алдынча 33.8 млрд долларга соода жугүртүшкөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу соода 13.8% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтин отчетунда маалымдалат. 

Комиссиянын маалыматына ылайык, жалпы сооданын 61.7% же 21 млрд $ Россияга тийиштүү. Ал эми Белорусия мамлекети менен жүргүзүлгөн сооданын көлөмү - 8.8 млрд $ түзгөн. 

Казакстан — 3.3 млрд $, Армения — 404 млн $ сооджа жүгүрткөн. Ал эми Кыргызстан менен эң аз көлөмдө, 328 млн $ соода жүгүрткөн.