Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен соода жүгүртүүсү 7.6 млн $ кыскарган

22 ноября 2019, 13:11

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда товар жүгүртүү 2019-жылдын 9 айында, өткөн жылга салыштырмалуу 7 млн 676 миң 286 долларга азайган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирет.

Белгилей кетсек, кыскаруу кыргыз экспортунун 22 млн 705 миң 734 долларга азайуусу  менен байланыштуу. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан 99 млн 932 миң 186 долларга товар экспорттогон. Өткөн жылы экспорттун көлөмү 122 млн 637 миң 920 долларды түзгөн. 

Өзбексстандан келген импорттун көлөмү 15 млн 29 миң 448 долларга көбөйгөн. Тактап айтканда, импорттун жалпы көлөмү - 150 млн 881 миң 998 долларды түзгөн.