Wildberries онлайн-сатуу боюнча Орусияда лидер аталды

25 февраля 2020, 16:30

Орусиянын эң бай айымы аталган Татьяна Бакальчукка таандык  Wildberries  интернет-дүкөнү Орусиядагы онлайн-сатуулар тармагындагы өсүү темптери боюнча лидер боло алды. Бул тууралуу Forbes порталы кабарлады.

INFOLine маалыматына ылайык, 2018-жылы тамак-ашты онлайн-сатуудан баштаган ишкана бир жыл ичинде жүгүртүмүн 0,2 млрд рубльдан 1,6 млрд рубльга чейин жеткире алган.

2019-жылы орусиялык онлайн-сатуулар рыногу болжол менен 70 пайызга өсүп, 45 млрд рубльга жакындаган, ал эми жалпы FMCG онлайн-рыногу 200 млрд рубльдан ашкан.