Wildberries кыргыз ишкерлери менен сом түрүндө эсептешүүгө өтөт

8 июня 2022, 14:24

Wildberries онлайн платформасы эл аралык бизнес өкүлдөрү менен өз улуттук валюталарында эсептешүүгө өттү. Кыргызстандын ишкерлерине которуулар сом менен жүргүзүлөт, деп айтылат платформада.

Жаңы каржы саясаты товарларды сатуучуларга да, өнөктөштөрдү кабыл алуу пункттарынын жана өнөктөштөрдү сорттоочу борборлордун ээлерине да тиешелүү экени белгиленди.

"Жаңы каржы саясаты өз ара эсептешүүлөрдү ого бетер ачык-айкын кылат, аймактык валюталарды бекемдейт жана ишкерлерге валютанын өзгөрүүсүнөн жана аларды конвертациялоо зарылдыгынан улам мүмкүн болуучу жоготууларды минималдаштырууга жардам берет", - деп билдирди Wildberries басма сөз кызматы.

2022-жылы компания Кыргызстанда жана Арменияда жаңы логистикалык объектилерди ачып, Өзбекстанда да сатууну баштаган.