Франциялык Worldline Европадагы төртүнчү ири төлөм операторун ачат
Франциялык Worldline Европадагы төртүнчү ири төлөм операторун ачуу үчүн, өзүнүн атаандашы болуп эсептелинген Ingenico компаниясын сатып алат. Бул тууралуу Forbes порталы билдирди.
Макулдашуунун негизинде Ingenico 7.8 млрд € бааланган. Reuters билдиргендей, Ingenico компаниясынын азыркы коюлган баасы, өз баасынан 16% жогору болгон. Компаниянын келишими 2020 - жылдын III кварталында бүткөрүлөт.
Worldline компаниянын акционерлери 65% үлүшкө ээлик кылышат. Башкы директору болуп, Жиль Грапинэ эсептелинет.