«Яндекс.Такси» монополист компаниялардын тизмесине кирди

4 апреля 2024, 09:25

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги рынокто үстөмдүк кылган 
субъекттердин катарына үч компанияны кошту. Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Реестрге үч компания кошулду: 

  • ООО "Яндекс.Такси.Корп"
  • ООО "ДОС ТЕК ГРУПП" (DOS TEK GROUP)
  • ЖЧК "Universal Business Report".

Мындан тышкары, реестрде айрым компаниялар рынокто үстөмдүк кылуучу позицияны ээлеген товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аталыштары такталган.

Эске салсак, монополисттердин катарына кирген компаниялар рынокто таза атаандаштыкты камсыздоого багытталган бир катар талаптарды аткарууга милдеттүү.